Жалал-Абад шаарындагы 1-класстын окуучулары белгисиз мөөнөткө чейин мектепке барышпайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-класстар да башка класстын окуучулары сыяктуу аралыктан окуп турушат. Бул чечим Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.