Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.
"Ал мындай чечимди партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу кабыл алды. Текебаев15-октябрдан тарта “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери катары ишмердигин уланта баштады", - деди ал.