"Кандай маанайдагы редакция болбосун, аны басып алууга жол берилбейт" дейт Ташиев

Бүгүн, 16-октябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берүүдө.
Маалымат жыйын суроо-жооп иретинде өтүп жатат. Анда журналисттер тарабынан УКМК жетекчисине айрым ЖМКларды басып алуу аракеттери болуп жаткандыгы тууралуу суроо узатылды.

Ташиевдин айтымында, кандай маанайдагы редакция болбосун, ал ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүшү керек.

"Урматтуу журналисттер, эч бир редакцияны басып алуу болбойт, биз ага жол бербейбиз. Ал оппозициялык маанайдагы редакция болобу же коммерциялык маанайдагы редакция болобу, айырмачылык жок. Эч кимдин мүлкүн эч ким басып албашы керек. Мүлк соттун чечими тарабынан гана алынышы мүмкүн, башка жол менен болбойт", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан