Нарын шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Нарын облустук бириккен ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбаевдын айтымында, жаңы ооруканага медициналык жабдуулар жарым-жартылай жеткирилип, бардыгы кампада сакталып турат.
"Учурда куруучулар сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүп жатышат, андан кийин ички жасалгалоо иштерин баштайбыз. Курулушта 70ке жакын куруучу иштеп жатат. Аба ырайына байланыштуу графиктен кечигип калдык. 10-ноябрга чейин объектини пайдаланууга беребиз деп ишенебиз", - деди Мамлекеттик курулуштун өкүлү Бейшеналы Богачиев.