Өкмөттүк, президенттик аппаратта кыскартуулар, пандемиядагы насыяларды текшерүү... Садыр Жапаров экономика жана реформалар боюнча эмнени айтты?

Президенттин милдетин аткарып жаткан жана премьер-министр Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасап анда экономика жана реформаларга да токтолгон. Анда Жапаров реформалар боюнча атайын комиссия түзүлө турганын айтты.

"Жакынкы айлар биз үчүн жеңил эмес мезгилдерден болот.

Биринчи кезекте:

- экономикалык кырдаалды турукташтыруу зарыл;

- инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүүбүз керек;

- ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу милдети турат.

Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт. Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системинде жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат.

Айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз. Акыркы мезгилде топтолуп калган көйгөйлөр – көптөгөн жетекчилердин айынан улам артка жылдырылып, ачылбас ящиктерде жата бергендигин ачык айтып, моюнга алышыбыз керек.

Натыйжада:

- саламаттыкты сактоо системи – Ковид-19 пандемиясына даяр эместигин көрсөттү,

- санариптик систем – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жана билим берүүдө жок экендигин көрсөттү.

Насыяларга жана гранттарга таянуу – өлкөнүн финансы системин башкарууда кылмыштуу саясатка айланды. Ал эми аларды бөлүштүрүүнүн бүдөмүк механизми – мамлекеттик башкарууда системдүү коррупцияга негиз болуп калган.

Биринчи кезекте пандемия маалында эл жакындарынан айрылып жатканда пайдасы тийбеген насыяларга ревизия жүргүзөбүз. Мунун баары оюлбай жаткан муздардын чети эле. Жакынкы күндөрү биз чече турган башкы милдеттер - мамлекеттин тышкы саясаты улантылат. Биз мамлекеттин стратегиялык өнөктөштөрүнүн арасында алган кадыр-баркын, беделин туруктуу сактап калуунун жана аны өркүндөтүүнүн үстүндө иштерди жүргүзөбүз", - дейт Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirbek2211
2020-10-17 02:26:33
Эски чөөлөр бут тозбой турса экен эми, ишиңизге ийгилик, өтө чоң ишеним бар бизде,
+19
rafo80
2020-10-17 03:23:39
Азамат, ушул дем менен жазбай кетиңиз. Бирок этият болуңуз, сизге каршы чөөлөр көп.
+16
Tymar
2020-10-17 09:16:16
Ушул айкандын баары кагаз бетинде гана калат.
-14
Kuban-1207
2020-10-17 10:39:07
Эски чөөлор Текебаев Мадумаров Бекназаров
+1
bond02
2020-10-17 10:52:08
Мадумаровду кенешчи кылып же болбосо тандем болуп иштесенер иш алдыга жылат.
+5
Aimani
2020-10-17 12:08:52
Ушу сүйлөгөндөй иштеп берсе экен эми. Үмүт үзбөйлу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан