Кыргыз өлкөсүндө акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан дагы беш адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаңы учурлары:
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Бишкек шаары - 1 .
Бардыгы болуп бир сутка ичинде 5.
Жалпысынан илдеттен 1 миң 108 адам каза болду.