Нурмагомедов менен Гэтжинин таймашына көрүүчүлөрдүн катышуусу күтүлүүдө

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жетекчилиги орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи катышкан турнирге көрүүчүлөрдү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу спорт журналисти Бретт Окамотого шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Абу-Дабинин Маданият жана туризм департаменти келерки аптада боло турган UFC 254 турнирине азыраак санда көрүүчүлөрдү киргизүү сунушун жактырды", - деп жазган Бретт Окамото Twitter баракчасында.

Анын айтымына караганда, шаар бийлиги учурда көрүүчүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосун иштеп жатат. Мушкерлердин таймашы 24-октябрда Абу-Дабиде орун алат.

Буга чейин аталган мелдеш көрүүчүлөрсүз өтөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-10-18 19:24:41
Жакшы жаңылык
0
nur-Saku
2020-10-18 21:38:06
Хабиб жениш каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан