"Мессиден ашып түштү". Луис Суарес гол киргизип, Ла Лигадагы голдордун санын 150гө жеткирди
Жакында эле "Атлетико Мадрид" клубуна өткөн уругвайлык чабуулчу Луис Суарес "Селтага" каршы беттеште гол киргизип, Испаниянын Ла Лигасындагы голдордун санын 150гө жеткирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беттеш 2:0 эсеби менен аяктап, алтынчы мүнөттө Суарес киргизген топ жеңишке жетишкен.
Суарес Ла Лигадагы 195 беттеште 150 гол киргизе алган. Бул көрсөткүч боюнча Криштиану Роналду алдыда, ал эми уругвайлык чабуулчу экинчи сапты ээлеп, Лионель Мессини андан сүрүп чыгарды.
Белгилей кетсек, Суарес "Барселона" клубунда 2014-жылдан бери ойноп келет. 2019-2020-жылкы сезондо 33 жаштагы уругвайлык чабуулчу жалпы 36 оюнга катышып, 21 гол киргизип, 10 жолу голдук пас чыгарып берген. Ал эми ушул жылдын 24-сентябрында ал "Атлетико Мадрид" футболдук клубуна өткөн.