Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов вице-мэр Алымбек Абдылдаев менен бирге шаардын түштүк бөлүгүндө жаңы курулуп жаткан сейил бактардын курулуш иштерин текшерди.
Ага ылайык, жаңы курулуп жаткан "Ынтымак-2" сейил багынын дээрлик 80 пайызы бүткөн, аталган сейил бак бир айдын ичинде ачылары белгилүү болду. Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Алымбек Абдылдаев буларга токтолду.
"Бул курулуп жаткан сейил бак этно стилде, тагыраагы улуттук болуп, кыргыз элибиздин жан дүйнөсүнө чукул сейил бак кылуу максатын көздөп жатабыз. Архитектуралык курулуш жагынан дагы бул нерселерди эске алдык. Бул жерде эки аянтча бар, анын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бардык шарттар каралып курулат. Мен жаны вице-мэр катары бул сейил бак башка сейил бактардан өзгөчөлөнүп турат деп айта алам. Мен басымды көбүрөөк сапатка жасайм, ошондой эле убакытты дагы уттурбайбыз. Ал эми жалпы аянты 8 жарым гектар. Буюрса, бир айдын ичинде толугу менен курулуш иштери бүтөт деп турабыз. Бул жерде төрт муниципалдык ишкана иш алып барууда. Алар Бишкек жылуулук энергиясы, Бишкек свет, Бишкек асфальт - сервис жана Бишкек жашыл чарба ишканасы иштеп жатышат. Курулушка жалпы 80 миллион сом өлчөмүндө каражат сарпталды", - деп билдирди Алымбек Абдылдаев.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов текшерүү иштерин жургүзүп, аталган сейил бак мындан 4-5 ай мурун курулуп баштаганын айтып, убакыттын созулуп кеткенин белгилеп, күнү-түнү болсо дагы иштеп туруп 20-ноябрга чейин сейил бак шаар тургундары үчүн ачыларын билдирди.
"Бул Ынтымак-2 сейил багынын аянты 8 жарым гектар. Бул жактын жумушутары 80 пайызга бүтүп калды. Биз 1 айдын ичинде жумуштарды толугу менен бүтүрүп, шаарыбыздын жашоочуларына ачып беребиз деп ойлоп жатабыз. Бул жердин курулуу архитектурасы өзгөчө, биздин архитекторлор эксклюзивдүү чечим кабыл алып иш алып барышууда. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, кичине убакыт созулуп кетти, жумуштар дагы көбүрөөк болуп атат. Буюрса, күнү-түнү иштесек да 20-ноябрга чейин ачылат деп турабыз. Курулуш иштери башталганына 4-5 ай болду. Пандемияга туш келип материалдар кармалып, карантин болуп жумуш токтоп, арасында жумушчулар ооруп ушундай учурлар болуп жатты. Бюджетте дагы акча дефицит болгон үчүн кичине каражат жактан дагы кармалдык. Бул жердин чыгымы 70-80 миллион сомго чыгат. Мындай сейил бактар Кыргыз өлкөсүндө жок", - деп билдирди Азиз Суракматов.