"Тез жардам" унааларын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды". Финпол кылмыш ишин козгоду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ыйгарым укуктуу органдардын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

кчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Газель Соболь (10 даана) жана Форд Транзит (3 даана) маркасындагы 13 "Тез жардам" унааларын жогорулатылган баада, тагыраагы жалпы суммасы 1 миллион долларга сатып алынгандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары башталып, тиешелүү жактарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Июль айында Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйнөлүк банктын долбоору боюнча 13 "Тез жардам" унаасын сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Simels
2020-10-19 20:22:07
Азаматсыңар ушинтип коррупционер чиновник, бок курсактардын сазайын бергиле!
+20
suban78
2020-10-19 20:41:26
Башталды окшойт.
+9
Nur777
2020-10-19 20:53:10
Азаматсын Сыймык байке!
Ушунундан жазба!)
+13
Asman779
2020-10-19 20:55:02
Кантип ушуга дити барды, Эл ооруп больницага жетпей кыйналып турганда. Айла жок экен да
+14
Arzybekkg
2020-10-19 21:10:19
Молодец Сыймык дагы алдыда далай корупциенный схемалар бар сага куч кубат берсин... Ишинерше ийгилик... Бул башталышы буйруса
+16
Bekish-
2020-10-19 21:38:58
Бийлик алмашкандан бери бир аз болсо да жакшы жанылык окуп калдык
+11
al-abu-kinesz
2020-10-19 21:49:36
Сыймыктын активдуу колдоочусумун, кыргыздын Сыймыгы болуп журо бериниз!
+11
nazarnew
2020-10-19 21:55:39
Оптоп кустургула, молодцом сыймык брат.
+9
boston___
2020-10-20 00:24:43
онуксунчу кыргызстаным жээмкорлордон арылып
+3
Bakbai
2020-10-21 14:24:29
Ээ Аллахым ушул жемкорлорду Сыймык иним жазасын бергенге жардам бере кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан