Бүгүн, 24-сентябрь күнү болжол менен 14:30дар чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү көпүрөнүн астында жол кырсыгы катталып, 1 киши каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда Сузуки үлгүсүндөгү мотоцикл Тойота Ариста автоунаасы менен сүзүшүп, натыйжада мотоциклдин айдоочусу каза тапты. Учурда каза тапкан жарандын өздүгү такталууда жана жол кырсыгынын кандай болгону иликтенүүдө.