Бишкекте жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 19:10 чамасында 1984-жылы туулган Т.Б. аттуу айдоочу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен Жибек Жолу көчөсүнөн күн батыш тарапты көздөй бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Натыйжада 1992-жылы туулган А.Н. аттуу аял Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан