Бишкектин Ленин районунда Ала-Арча суусуна эркек киши кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрь күнү саат 14:25те Рыскулов көчөсүндөгү Ала-Арча суусуна 1991-жылы туулган эркек киши кулап түшкөн.
Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы орто.