Ош облустук соту мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду актады

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ишин Ош облустук соту карап чыгып, иште кылмыштын курамы жок болгондуктан актады. Ал эми Жогорку Сот 19-октябрда бул ишти карап чыгып, өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү Жогорку Сот Мелис Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралды.

Жогорку Сот Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык жана Ош облустук сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына чет өлкөдөн 6-октябрда кайтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirkaa5182
2020-10-20 15:37:18
Ак ийилет, бирок сынбайт, туура чечим болуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан