Жогорку Сот Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов сот тарабынан акталды деген маалымат боюнча жооп берди

Жогорку Сот Бишкек шаардык соту чыгарган чечимди өкмөт башчы Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, депутат Талант Мамытовго карата чыгарган актоо чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев сот тарабынан акталганы айтылат.

"Жогорку Соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жазык иштери боюнча өндүрүштү жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртуу жөнүндөгү өтүнүчү жана Башкы прокуратурасынын корутундусу канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2013-жылдын 6-августундагы Камчыбык Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жөнүндөгү токтому жана жеке аныктамалары жокко чыгарылып, ал эми жазык ишти кассациялык тартипте кароо туурасында токтом чыкты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 17-июнундагы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаев жөнүндөгү өкүмү күчүндө калтырылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2013-жылдын июнь айында "Бийликти күч менен тартып алуу" беренеси менен айыпталып жаткан "Ата Журт" партиясынын лидерлери болгон Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов шаардык соттун чечими менен күнөөсүз деп табылып, сот залынан бошотулган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Faridaomurova
2020-10-20 14:05:46
Анаке эл жон эле актап чыгарып койдуго,сотторду жок кылып элдик сот кылыш керек экен
+1
Murzakmat2
2020-10-26 20:54:54
Алар азыр бийликте олтурата кантип актабай койалат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан