Бишкекте аялын сабаганга шектелип, 24 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте аялын сабаганга шектелип, 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрь күнү болжол менен саат 05:15 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ала-Тоо жаңы конушунан жолдошум уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган Ж.Ж. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызда жолдошу аны уруп, денесине залал келтиргени жана ага карата чара көрүп берүүнү суранганы жазылган.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБине жеткирилген. Бул факты боюнча Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursiyanur
2020-10-20 20:54:08
Кечирим сурап барса,арызынды алып кой сенда
0
Aiziyajazi921315
2020-10-21 06:09:09
Эшикке чыгып эркекти сабап корчу ошол аялынды сабагандай жаткыра бир чапсын,тыржыйган,эркектер мн мушташа албаган эркек соройлор только аялын сабаганды эле билишет,сени да сабап коюшса денендин ооруганын сездирип
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан