Бишкектеги ресторандардын биринин жанында топтошкон жарандардын ортосунда жаңжал чыкты

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанынын жанында топтошкон жарандардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

15-октябрь күнү саат болжол менен 23:10дор чамасында Бишкек шаарынын ИИББинин 102 кызматына Масалиев көчөсүндөгү "Ала-Тоо" ресторанында топтошуп мушташып жаткандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барганда ал жерде белгисиз жарандардын ортосунда жаңжал чыкканы белгилүү болгон. Ал жерде ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү да болушкан.

Ошол эле түнү Улуттук госпиталга бетиндеги көгөргөн тактары бар Я.В. аттуу жаран кайрылган. Бирок жабырлануучу Я.В. милицияга кайрылган эмес.

"Бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси "бейбаштык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан