Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин маалымат жыйын өткөрчү күнү айтылды

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) маалымат кызматы орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык спортчу Жастин Гэтжи менен болуучу титулдук беттешинин алдындагы маалымат жыйындын күнүн атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, спортчулар 24-октябрда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Белгилүү болгондой, мушкерлер менен суроо-жооп жыйыны 21-октябрда, шаршемби күнгө белгиленген. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Ал UFC уюмуна караштуу бардык маалымат ресурстарда түз эфирде акысыз көрсөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан