
"Зенит" баскетболдук клубу Евролигадагы үчүнчү матчты COVID-19 илдетине байланыштуу жылдырат. Бул тууралуу орусиялык баскетбол клубунун расмий сайтына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 22-октябрда Санкт-Петербургда өтө турчу Евролигадагы "Зенит" менен "Милан" клубдарынын оюну коронавирус илдетине байланыштуу кийинкиге калтырылды.