Бишкекте кошунасын тапанча менен өлтүрөм деп коркуткан жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматы кошунасын тапанча менен коркуткан жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү болжол менен саат 24:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде тапанча менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1976-жылы туулган Г.Э. аттуу аял арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле түнү болжол менен саат 24:30 чамасында 1981-жылы туулган В.А. аттуу жаран арыз ээсин травматикалык тапанча менен өлтүрөм деп коркуткан.

Жазылган арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-аракетин уюштуруп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалган. Шектүү Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан