УЕФА Европа Лигасынын беттешин алгачкы жолу аял калыс тейлейт

Европа Лигасынын тайпалык этабынын 1-турунун "Лестер" жана "Заря" командаларынын беттешин Стефани Фраппард айым баштаган француз калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу орусиялык спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ага Сириль Мюнье жана Бенжамен Пажес, ошондой эле төртүнчү калыс Жоан Амель жардам берет. УЕФАнын Европа Лигасында алгачкы жолу чүчү кулак калыстардын арасынан айымга буюрган.
Фраппард буга чейин эркектердин матчтарында иштеген, айрыкча 2019-жылы УЕФАнын Суперкубогунда "Ливерпуль" менен "Челси" командаларынын беттешинде иш алып барган.
"Лестер" - "Заря" беттеши эртең, 22-октябрда Орусиянын телеканалдары аркылуу Бишкек убактысы боюнча саат 18:50дө көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан