Кыйкырып-бакырып. Бишкектеги сейил бактан клей жыттап алган делген өспүрүм кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан клей жыттап элге тынчтык бербеген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына белгисиз жарандар тарабынан Фучик эс алуучу жайында өспүрүм элге тынчтык бербей жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда 2006-жылы туулган өспүрүм клей жыттап, акыл-эсин жоготуп, элге тынчтык бербей жерди тепкилеп, кыйкырып-бакырып жатканына күбө болушкан.

Өспүрүмдү Ленин РИИБинин өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Азыркы учурда өспүрүмдүн аты-жөнү, ата-энеси жана жашаган дареги такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2020-10-21 11:35:29
Келатат, жаштар келатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан