Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү саат 13:35 чамасында Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 37-чакырымында Мерседес Бенс-Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааcы толугу менен күйгөн. Унаа менен кошо куураган чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.