Мексикалык спортчу ринг учурунда жүрөгү кармап каза болду

Мексикалык реслер, "үлпүлдөк ханзаада" каймана аты менен таанылган Луис Анхель Салазар рингде оюн учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулаган.

"Оюндун катышуучулары аны кезектеги аракеттерди жасап жатат деп ойлоп, беттешти уланта беришкен. Рингдеги калыс муну байкап калып, дароо оюнду токтоткон. Заматта келген "Тез жардам" тобу да Салазардын өмүрүн сактап кала алган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Реслинг — театралдаштырылган спорттук шоу.

Мексикалык спортчу ринг учурунда жүрөгү кармап каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан