Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 16:31де Свердлов райондук куткаруу кызматынан 1 бөлүм, саат 16:36да Свердлов райондук №2 куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 16:44тө дагы 1 бөлүм тартылган.
Мындан сырткары саат 16:49да штаб жана РЭТтен 1 бригада тартылган.
Кошумча маалымат берилет.