
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 17:38де чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 21-октябрь күнү Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №539 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 16:31де жалпы 3 бөлүм, мындан сырткары саат 16:49да штаб жана 1 бригада тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.