"Күйөөсү, баласы камалып азап тарткан". Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу 10 факты

Учурда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчылык кызматты бирдей аркалап жаткан Садыр Жапаров бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, дүйнөлүк коомчулуктун да талкуу чордонунда болууда. Мындайда мамлекет башчынын жубайы да көз жаздымда калбайт. Ошондой эле Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу маалыматтар дагы көп адамдарга кызык.

SUPER.KG порталы учурда биринчи айым катары кабылданып жаткан Айгүл Асанбаева тууралуу 10 факты топтоду. Маалыматтар ачык булактардан жана Айгүл Асанбаеванын Садыр Жапаров эркиндикке чыга электе берген маектеринен алынды.

1. Айгүл Асанбаева учурда 47 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Беш баланын энеси. Алар: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт, кызы Жанайым.

2. Тун уулу Дастан 27 жашында, 2019-жылдын август айында жол кырсыгына кабылып каза болгон.

3. Мындан бир ай мурун алып баруучу Назира Айтбековага берген маегинде: "Биз түндүк-түштүк деп эч качан бөлүнбөшүбүз керек. Алакандай жерибизди куш деп элестетсек, түндүк анын бир канаты, түштүк бир канаты. Куш бир канаты жок болсо уча албай калат", - деп айткан.

4. Садыр Жапаровго карата саясий куугунтук башталганда жолдошу менен үч жыл чет өлкөдө жашаган. Үй- бүлөсү менен Польша, Орусия, Кипр мамлекеттеринде жүргөнүн айткан.

5. Садыр Жапаров камалгандан кийин "Мекенчил" партиясына мүчө болгон.

6. 1992-жылы февраль айында келин болуп барган.

7. Алты келиндин экинчиси.

8. Садыр Жапаров Айгүл Асанбаева менен 1990-жылы таанышкан. Анда Айгүл Асанбаева 18 жашта, Садыр Жапаров 23 жашта болгон. Классташ кыздары менен жаратылышка эс алууга чыкканда достор аркылуу таанышышкан.

9. 20 жаштагы баласы Рустам камалып калганда ортомчулар аркылуу Раиса Атамбаевага кайрылган. Бирок ал жыйынтык берген эмес.

10. Медициналык училищени аяктагандан кийин Ишеналы Арабаев атындагы университетке тапшырган. Ал жактан жогорку педагогикалык билимге ээ болуп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nur777
2020-10-22 12:35:16
Акылдуу,сулуу,мээримдуу,ыймандуу айым..
Мыкты адамдын аялы да кыйын болот.
+25
Sofiya05
2020-10-22 13:49:13
Nur777, Мыкты адамдын артында мыкты аялдар турат.
+20
Nur777
2020-10-22 23:35:16
Sofiya05,ооба,бирок Садыр агабыз да билген да кимге уйлонушту))
+5
nazarnew
2020-10-22 12:42:13
Ушул байкебиз аябай кыйналды, көп азапты башынан өткөрдү, көрө албастар бүт баары жазасын алышсын омиийн, сизге дайыма ийгилик жылмайып турсун омиийн. Биз Кыргызстан эли сизге ишенебиз Садыр байке. Баарын местасына коерунузга ишенебиз.
+32
Sabiku
2020-10-22 14:41:38
Айгуль эже мындан акы омурунузду Аллахым жалан жакшылыктарга толтурсун.Корбогон кунунуз калбаптыр.
+12
Agayu
2020-10-22 14:55:06
Элдин пешенесине бар болгула !!! Эң башкысы эч бир акмактардын жолун жолдобогула .Мурдагы президенттердин.Башкача стиль менен элге кызмат кылгыла .Эл силерге ишенип олтурат.Элге кыянат кылдыңыздар!!! Ар дайым жакшы жэрлерде жолугушуп жүрө бериңиздер эл менен.!!
+9
ayko24
2020-10-22 21:18:11
Жакшы адам экени жузунон билинип турат
+8
Shorobashat
2020-10-23 07:20:23
Садыр Жапаровго эми жалаң гана ийгилик амин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан