Чүйдүн Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрь күнү саат 04:22 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Араш айылында киши өлтүрүү фактысы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу чыккан. Анда 21-октябрь күнү 65 жаштагы үйдүн ээси өгөй баласы менен спирт ичимдигин ичип отурган маалда пикир келишпестик жаралып, натыйжада үйдүн ээсин балта менен бир нече жолу чаап жиберген.
Алган жаракаттарынан 65 жаштагы жаран дароо каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү делип 30 жаштагы С.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда зарыл болгон тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.