Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Талас районундагы үй-бүлөлүк дарылоо борборунда коррупциялык иштердин бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2010-жылы Талас райондук үй-бүлөлүк дарылоо борборунун башчысы тарабынан аталган борборго 1,5 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Бул факты боюнча 19-сентябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же туура эмес пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.