Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон жаран кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран киши өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл ОИИБине М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ага себепсиз эле кол салып, денесине жаракат келтирген белгисиз адамдарга карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренелери ("адам өлтүрүүгө аракет кылуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тиешелүү тергөө иштеринин алкагында, окуяга катыштыгы бар делинген бир нече жаран кармалган. Анда кылмышка шектүү делингендердин бири 1992-жылы туулган У.Б. экени, ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин 164, 167, 246, 174-беренелери (эски редакция) менен соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталган.

Мындан тышкары У.Б. учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жатак абагында болушу керек болчу. Маалыматка ылайык, соттолгон жаран абактан уруксатсыз чыгып кеткени, бул боюнча ага карата 349-берене ("камактан качуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканы маалым болду", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2020-10-22 19:39:42
Жакында эле экөөсүнүн бетин ачып көрсөттү эле. Эртерээк сүйүнүп алыптырмын, ушуга окшогон бандит уурулардын бетин ачып көрсөтсөңөр оолак бололу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан