super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты

 

Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Акылбек Жапаров аталган конституциялык мыйзам бир катар жагдайларга, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук - саясий кырдаалга байланыштуу сунушталып жатканына токтолуп:

"Партиялык системага негизделип 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдө болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжасыз болду жана БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Элдик толкундоолордун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы Өкмөт түзүлдү. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенти 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүгө мажбур болду. Жогорку Кеңештин Төрагасы Президенттин ыйгарым укуктарын кабыл алуудан баш тартты. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу иштеп жаткан бийликтин кызматтан кетүүсүн жана конституциялык реформаны өткөрүүнү талап кылган коомдук толкундоолордун жыйынтыгында келген Кыргыз Республикасынын Премьер - министрине өттү. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын иши токтоп калган, Жогорку Кеңештин ишин жана Жогорку Кеңеш менен Президент жайгашкан имаратты калыбына келтирүү талап кылынат. 2020-жылга бюджеттин такталган тартыштыгы 36 млрд. сомдон ашты. Бул сумма КОВИД - 19 пандемиясынын экинчи толкунуна карата чыгымдарды камтыйт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 450 млн. сомго жакын өлчөмдө зыян келтирилген. Келип чыккан кырдаалды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу жана конституциялык реформа өткөрүү сунушталат", - деди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш конституциялык реформаны өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзүшү керектигин белгилеген мыйзам долбоорунун демилгечиси: "Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын тиркелген долбоору иштелип чыкты жана кароого киргизилди", - деп билдирди.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу демилгеленип жатканын айткан Акылбек Жапаров:

"Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган" - деп кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамды өзгөртпөй туруу маанилүү экенине токтолсо, төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзам долбоору кабыл алынса депутаттар айлык маянасыз иштөөсү керектигин белгиледи.

Үч окууда добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берип, Жогорку Кеңештин атайын токтому кабыл алынды.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: