Абайлаңыз, сүрөт! Милиция кызматкерлери бир жыл мурда Бишкектин көчөсүнөн табылган маркумдун жакындарын издөөдө

Милиция бир жыл мурун борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен жансыз денеси табылган адамдын жакындарын издейт. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын 3-майында саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Үмөталиев көчөсүндөгү
үйдүн жанынан кебетеси европалык болгон 45-50 жаштар чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси
табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда маркумдун жакындары изделүүдө.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, көздөрү күрөң, дене түзүлүшү орто, бети сүйрү, чачтары күрөң.

Өзгөчө белгилери: Үстүңкү жаагында 6 тиши бар, калгандары жок. Ылдыйкы жаагында 12 тиши жок.

Үстүндөгү кийимдери: "PORSCHE" деген жазуусу бар кара түстөгү баш кийим, көк түстөгү жынсы күрмө, боз жемпир, боз түстөгү узун жеңдүү футболка, спорттук шым, бутунда кроссовка.

Урматтуу жарандар, сүрөттөгү адамдын аты-жөнүн аныктоого көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ал тууралуу кандайдыр бир маалымат тапсаңыз, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюңуздар: 0 (705) 45-05-53, 0 (553) 10-24-65, 0 (312) 35-26-05 жана 102 номерине.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-10-23 00:27:49
Бир жылдан бери бул байкуштун туугандарын издебей не кылып журдунор?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан