Депутаттар 6 ай айлык албай иштөөгө ниеттенишүүдө, бирок баары эмес

Эл өкүлдөрү алты ай акысыз иштөөгө ниеттенишүүдө. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында белгилүү болду.

Эл өкүлү Евгения Строкова фракция лидеринен кечээки кеңешменин жыйынтыгы боюнча маалымат талап кылды.

"Алар эмгек акы болбойт деп жатышат. Көпчүлүктөн айырмаланып мен жана бир нече депутаттар айлыкка гана жашайбыз. Ишенбесеңер биздин активди текшерип көрсөңүздөр болот", - деди Евгения Строкова.

Аида Касымалиева шайлоону өткөрүү убактысы жылса анда депутаттар, жаңы парламент келгенче айлык албай иштөө керек экендигин белгиледи.


Айтымында, фракциялардын башчылары бюджетке акча которуп, алты ай бекер иштөөгө макул болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazgul1905
2020-10-22 20:50:17
Ачкадан кырылып,биз депутаты жок калбайлы?
+5
NURSAPAR
2020-10-22 21:12:28
nazgul1905,Туура айтасың, депутаты жок калып, Түркмөнстандан депутат сурап жүрбөйлү.
+3
meku9205
2020-10-22 21:03:24
Албаса деле булар жээйт баарыбир элдин эмгегин салаты 10сом болсо иштин бүткөнү да буларга арзан бизге кымбат
+4
Taalaibek.
2020-10-22 21:12:48
Эн туура чечим! Буга чыдабаган депутат мандатын тапшырып кете берсин. Мен муну 100 пайыз колдойм!
+10
Shabi
2020-10-22 21:51:46
Ушул стракова деген катын депутат боллекте кантип жашап жургон,анан депутат болбой калса кантип жашат.же бул энесинин курсагынан тушкондоле депутат болуп тушуп ошол айлык менен жашайбы,олгучо депутат болобу айлык жок жашабай калчудай.откондо мериядагы митингде Жеенбековтун суроту бар футболка кийип барган ушул да э
+3
Chungyz
2020-10-22 21:57:57
Ушулардан кутулуш кыйын болдуго депутат дегенге 90 пайыз татыксыздар уялып баары элге бир пайдалуу иш кылбады зыян эле келтирип олкону мамайдын бечарасы кылып таштадынар
+2
Petrovka
2020-10-22 22:58:32
Неужели
+2
Zimzimemir
2020-10-23 08:05:57
Неужели,алар откондо эле алыштыгоо 200минден аны силер элге 1жылдык айлык кыласынарго,эми силерда ошентип 6ай жеп тургулаа аз аздан же туготтуп алдынызбы?дагы 200-300мин алам деп
+1
rola
2020-10-23 08:12:53
Ошого чыдаганы иштесин.Элдерда алты ай карантинде акчадан кыйналды.Буларго толтура бизнесси бар депутаттар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан