Ош шаарында аялын өлүмгө жеткире сабаган жаран бүгүн, 22-октябрда Бишкектен кармалды. Маалыматты Ош ШИИБинин маалымат катчысы билдирди.
"Өз аялын өлтүрүүгө шектүү катары 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалды. Тергөөнүн алгачкы жүрүшүнө ылайык, шектүү 20-октябрда Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде аялына жана кайненесине кол салган. Кайненеси оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүүнүн аялы бүгүн, 22-октябрда саат 13:30 чамасында үйүндө каза болгон. Маркум 1991-жылы туулган Р.М. экени белгилүү болду. Күбөлөрдүн айтуусунда, каза болгон аял кош бойлуу, көз жаруу алдында турган.
Шектүүнүн берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, анын мындай оор кылмыш жасоосуна кызганыч себеп болгон. Учурда бул окуя боюнча дагы тергөө иштери жүрүүдө. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери башталды", - дешти маалымат кызматынан.