UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүнүн мыкты ММА мушкерлеринин эң мыкты 10 мушкеринин сап башына чыккан. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "ТурСтат" порталы Орусиянын жана КМШ өлкөрүнүн ММА мушкерлеринин салмак категориясына карабастан, онлайн түрүндө аралаш мушташ өнөрү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча рейтинг жүргүздү.
Рейтингдин жыйынтыгы ММА боюнча ТОП-10 мыкты мушкерлеринин сап башына Валентина Шевченко (Кыргыз өлкөсү) чыккан.
2-орунга Лиана Жожуа (Грузия) жайгашкан.
3-орунга Анастасия Янькова (Орусия) чыккан.
Андан кийин Мария Агапова (Казакстан), Яна Куницкая (Орусия), Александра Албу (Молдова), Антонина Шевченко (Кыргыз өлкөсү), Лилия Казак (Беларусь), Лилия Шакирова (Өзбекстан) жана Ирина Алексеева (Орусия) жайгашкан.
Валентина Шевченко үчүн Орусия Федерациясындагы жана КМШдагы мыкты ММА мушкери аял катары 25 пайыз добуш берилген, Лиана Жожуа үчүн - 18 пайыз, Анастасия Янковага - 13 пайыз, Мария Агаповага - 9 пайыз, Яна Куницкаяга - 8 пайыз, Александра Альба үчүн - 7 пайыз, Антонина Шевченко үчүн - 6 пайыз, Лилия Казакка - 6 пайыз, Лилия Шакирова үчүн - 4 пайыз жана Ирина Алексеевага - 3 пайыз добуш берилген.