Садыр Жапаров парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.

Бул конституциялык мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталган.

Кабыл алынган мыйзам менен "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, аларда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан