Бишкекте намазканалардын биринен кайрымдуулук үчүн коюлган урнадагы акчаны уурдаган 15 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 55 жаштагы шаар тургуну Каныбек А. арыз менен кайрылып, намазканага кайрымдуулук үчүн ташталган акча уурдалганын айткан. Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы Айтбек А. аттуу өспүрүм кармалды. Учурда кармалган баланын атасынын коштоосунда тергөө жүрүп жатканы айтылды.