"Алай" клубу футбол боюнча өлкө кубогун жеңип, чемпион аталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Оштон келген команда финалдык оюнда "Абдыш-Ата" клубун 1:0 эсебинде жеңип алды. Жалгыз голду оюндун 36-мүнөтүндө Келвин Инкум киргизди.
Бул жеңиши менен "Алай" клубу 2021-жылдагы АФК Кубогуна жолдомо алды. Мындан сырткары алар 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.