Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

2020-жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу өтөт.

Сыйлыктар Жогорку жана I лиганын команадаларынын арасында ойнотулат. Жылда өтүп жүргөн көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер өтөт.

Иш-чара республиканын аймактарында улуттук оюндарды өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат. Спорттук иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Көк бөрү, Эр эңиш, Салбуурун жана Аргымак федерациялары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Мелдештердин программасы:

3-7-ноябрь – көк бөрү боюнча алдын-ала беттешүүлөр;

7-ноябрь – көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;

8-ноябрь – көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dani
2020-10-23 17:43:00
Озу бюджет тартыш болуп атса кокборуго балее барбы пока той ашты кое турсак болот эле,ушуга кеткен чыгымды пайдалуу нерсеге жумшаса аттин
-2
Agayu
2020-10-23 18:02:54
Көк бөрү деп эле жүрө берет экенбиз да .
+1
Mina24
2020-10-23 18:21:55
Койгулачы озунордун чонтогунорду билгилечи мамлекетке тигишпей ата бабадан калган ойундар откорсун туура кылып атат бул кундор да отот же вирустеп жатып алмак белек кудай берген кунубузду коробузда бир алладан алга кок бору алга жигиттер
+4
Talantus
2020-10-23 18:55:00
Оздоруно келгенде короновирус дегенин билбей калышат
+1
bekov01
2020-10-23 18:59:18
Туура бардык жагынан бирдей онугушубуз керек. Кайсы каналды карасан саясат болуп елдер саясатчы болуп кетти. Елдин конулун которо турган оюн зоок дагы болуш керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан