Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 21-октябрь күнү болгон. Анда өспүрүм сарайга барып асынмакчы болгон.
"Өспүрүм жанын кыймакчы болгон учурда, чоң атасы көрүп калып сактап калган. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага алып барышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.