Учурда Борбордук шайлоо комиссиясында тинтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тинтүү иштерин Свердлов РИИБинин кызматкерлери жүргүзүүдө. Алар болжол менен саат 10:30да келген.
21-октябрда ИИМ Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн суракка чакырган. Алар расмий чакыруу жөнөтүүнү талап кылышкан.