UFC 254: Бүгүн Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэйтжи беттешет. Гэйтжи сенсация жарата алабы?

Бүгүн, 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын жайгашкан Яс аралында көпчүлүк күтүп келген UFC 254 турнири болот. Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. 21:00дө алдын ала карддагы беттештер орун алса, ал эми башкы карддын таймаштары түнгө жакын башталат.

Бул турнирдин негизги беттеши орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин ортосунда болмокчу.

Көпчүлүк белгилүү мушкерлер бул беттеш Хабиб Нурмагомедов үчүн оңой болбой тургандыгын айтышууда. Айрымдары беттеш Гэйтжинин жеңиши менен аяктай тургандыгын айтып жатышат. Нурмагомедов акыркы беттешин 2019-жылдын сентябрь айында америкалык Дастин Порьеге каршы өткөргөн. Анда орусиялык мушкер муунтуу ыкмасы менен атаандашын жеңип алган.

Хабиб Нурмагомедов карьерасында жалпы 28 беттеш өткөрсө, баарында жеңүүчү аталган. Жеңилүү ызасын тарта элек Хабиб Нурмагомедов бул беттеш үчүн 3 ай тынымсыз даярданды.

Ал эми 31 жаштагы Жастин Гэйтжи акыркы беттешин май айында мекендеши Тони Фергюсонго каршы өткөргөн. Анда Гэйтжи өзүнүн кубаттуу соккусу менен көпчүлүктү таң калтырып, атаандашынын маңдайкы сөөктөрүн талкалаган.

Гэйтжи өзүнүн карьерасында жалпы 24 беттеш өткөрсө анын 22синде жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Дүйнө эли күткөн Нурмагомедов-Гэйтжи беттеши саналуу сааттардан соң башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bayern-munchen
2020-10-24 18:34:53
Гейджи алга
-10
velicanos
2020-10-24 18:55:02
Хабиб алга
+11
dastan_nookat
2020-10-24 18:57:30
Барселона Реал Мадрид бетеши да болот
-2
Marsel___kg
2020-10-24 19:02:57
Реал менен Хабиб женет буюрса
+7
salimbek87.kg
2020-10-24 19:07:45
Хабиб ийгилик буйруса жеңет
+11
nazarnew
2020-10-24 19:31:17
Хабиб гэйджини патин айрыйт 1000% гарантия акчананарды даярдай бергиле, клубдан кымыз ичебиз.
+7
Alibaev777
2020-10-24 19:49:46
Точна саат канчада болот

+1
JaneEr
2020-10-24 19:58:12
За Хабиба!
+6
sultan_bek
2020-10-24 19:58:18
Жастин алга
-7
rysik79
2020-10-24 20:59:06
Хабиб ата-энесин ыраазы кылган бала. Аллахым ыраазы болсун Хабадан. Буйруса жеңет деп эле ойлойм.
+3
omar1979
2020-10-24 21:04:05
Хабиб алга
+3
Alinur
2020-10-24 22:13:08
Хабибке ийгилик жана жениш!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан