Ислам Махачев беттеш алдында Хабиб Нурмагомедовго ийгилик каалады

Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу, дагы бир UFC мушкери Ислам Махачев беттеш алдында Нурмагомедовго ийгилик каалаган сөздөрүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биздин Бүркүттүн беттешке чыгарына саналуу гана убакыт калды. Бул өзгөчө беттеш үчүн көп нерсени өттүк. Сен бизди жеңиш менен кубантасың деп ишенем. Бул турнирге көптөгөн биздин мекендештерибиз дагы катышат. Алардын баарына жеңиш каалайм", - деп жазган Махачев.

Бул турнирде Махачев бразилиялык 35 жаштагы Рафаэль Дос Аньос менен беттешмек. Бирок Дос Аньостон коронавирус инфекциясы аныкталгандыгына байланыштуу эки мушкердин беттеши ноябрь айына жылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sultan_bek
2020-10-24 22:37:10
Жастин сага ийгилик
-7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан