Хабиб Нурмагомедов: "Апам атам жок мушташпай эле коюумду суранды"

UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин үстүнөн жеңишке жеткен Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Муну ал атасы каза болгондон кийин апасына көбүрөөк убакыт бөлүш үчүн кабыл алгандыгын айтты.

"Мен атам менен чогуу чемпион болгум келчү. Бардыгы ушинтип менин моюнума жүктөлөт деп ойлогон эмесмин. Эгерде ата-энеңиз бар болсо, аны менен болуңуз. Мага апам атам жок мушташпай эле коюумду суранды. Менин жалгыз гана апам калды. Мен ага көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек", - деди Хабиб Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн карьерасын жеңилбес чемпион катары аяктады. Ал карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишти.

Хабиб карьерасын жыйынтыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oopapa
2020-10-25 03:50:53
Маа Шаа Аллах. Мусулман болгонум учун сыймыктанам. Мусулман кылып жараткан Аллахка чексиз шугурлор болсун. Ар бир мусулман эки дуйно бактылуу болсун
+16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан