"Эч кимге айткан эмес". Хабиб Нурмагомедов беттешке үч апта калганда бутун сындырып алганы белгилүү болду

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен боло турган беттешке үч апта калганда бутун сындырып алган. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Мага маалымат келди. Сиздер уктуңуздар беле билбейм. Хабиб буга чейин буту сынып ооруканада жатыптыр. Бул мындан үч апта мурун болгон. Муну мага Хабибдин жанында жүргөн адамдар айтышты. Хабиб өзү эч кимге эч нерсе деп айтпаптыр. Мен таң калдым. Ал күчтүү адамдардын бири экенине дагы бир ирет ынандым", - деди Уайт.

Дана Уайт Хабибдин кайсы буту сынганын айткан жок. Беттеш учурунда Жастин Гэйтжи Хабиб Нурмагомедовдун сол бутуна бир нече ирет кубаттуу сокку узаткан.

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн карьерасын жеңилбес чемпион катары аяктады. Ал карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишти.

Хабиб Нурмагомедов жеңишке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан