Жалал-Абадда трансформатор оңдоочу цехте өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрь күнү саат 13:55те Жалал-Абад шаарынын Мельничный №2 дарегинде жайгашкан трансформатор оңдоочу цехте өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. "Өрт өчүрүү бөлүмү саат 13:56да чыгып, саат 13:58де жетип өрт өчүрүүгө киришкен. Өрт саат 14:28де чектөөгө алынып, толугу менен саат 16:55те өчүрүлгөн. Өрттүн натыйжасында жабдыктар зыянга учураган. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Учурда өрт болгон жерге тиешелүү кароолорду жүргүзүү менен өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык зыян такталууда", - деп жазылат маалыматта.