Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактын өрчүп кетпөөсүнүн алдын-алып асманга эскертүү иретинде ок атылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"25-октябрь күнү саат 16:45 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө жерлигинде Тажикстандын жарандары суу алып өтчү трубаларды орнотуу иштерин жүргүзүп жаткандыгын маалымдайт.
Ал жерге Кыргыз мамлекетинин чек ара кезмети келип мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында жумуштарды алып барбоону талап кылышат, бирок Тажикстандын жарандары Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартышып оозеки кайым айтышууга барышкан.
Өз учурунда Кыргыз мамлекетинин чек арачылары аскер кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолуктарын сактоо үчүн жана чыр-чатактын өрчүп кетпөөсүн алдын-алып асманга эскертүү иретинде ок атышкан.
Азыркы учурда ал жердеги жумуштар токтотулуп Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат. Ошондой эле жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышууда.
Мамлекеттик чек аранын аталган аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - деп айтылат маалыматта.