Бүгүн иш ордуна кайтып келген Нариман Түлеев Москвага иш сапары менен кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев Москва шаарына иш сапары менен кетти. Ал жактан мэрдин милдетин аткаруучу шаар үчүн керектүү болгон дары-дармектерди өлкө аймагына жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

"Нариман Түлеев Москва шаарына шаардыктар үчүн вируска каршы препараттарды үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кеткен. Учурда Орусиялык мамлекеттик корпорациялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анын жүрүшүндө вируска каршы препараттар, антибиотиктер, ошондой эле бул жакта дефицит болгон клексан, гепарин препараттарын алып келүү боюнча макулдашуулар өтөт. Анын ичинде медициналык кызматкерлерге керектүү болгон коргонуучу кийимдер тууралуу дагы сүйлөшүлөт. Мындан тышкары мэрдин милдетин аткаруучу иш сапарынын алкагында Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө коомдук транспорт жеткирүү мүмкүндүгүн боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", - дейт мэрдин кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
basyz-kaman
2020-10-26 16:45:41
Нариманды иштетиш керек Бишкекти өнүктүрөт
+8
oscar
2020-10-26 17:07:37
basyz-kaman, убагында түштүк магистралын салдырган
+5
Sakubek
2020-10-26 17:41:22
За одно Бакиев менен жолуга келет дегиле
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан