UFC 254: Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжи менен болгон беттеш үчүн канча каражат алганы белгилүү болду

Орусиялык жеңилбес UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини жеңгендиги үчүн 6 миллион доллар каражат алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нурмагомедов мушташканы үчүн 6 миллион доллар алса, 50 миң доллар беттешке катышкандыгы үчүн кошумча акы, ошондой эле Хабиб беттешке катышканга чейин ар кандай промо иш-чараларга катышкандыгы үчүн 40 миң доллар каражат алган.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Merch
2020-10-26 18:11:05
50000$ за лучшее выступление
+4
nazarnew
2020-10-26 19:51:57
6 миллион эмес, 10 млн $ гарантированный доллар алган, супер туура эмес инфо бере бербесеңер, 6 млн порье менен мушташкан да алган, инетти жакшылап окусаңар 10 млн$ турат. Оңдоп койгула.
+3
Азат Бейшенбеков
2020-10-26 23:21:50
nazarnew, Саламатсызбы? Бул Хабиб Нурмагомедовдун беттеш үчүн алган суммасынын так саны. Бул суммага телеканалдардан, жарнамалардан алганы кошулган эмес. Себеби канча алганы белгисиз. Болжолдуу 10 миллиондон ашаары гана белгилүү.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан