СИЗО-1ге которулган мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин абалы начар. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Ден соолугу начар. Жүрөк оорусу жана башка өнөкөт оорулары бар. Ошондой эле акыркы күндөрү бронхит илдети менен да жабыркап жаткан. Ошондуктан биз жактоочулар Алмазбек Атамбаевди оорукана тибиндеги №47 колониясына которууну суранабыз. Бирок ал жакка которбой СИЗО-1ге которуп, жер төлөдө кармап жатышыптыр", - дейт жактоочу.
Буга чейин бүгүн, 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулганына байланыштуу ачкачылык жарыялаганы маалымдалган.